Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Мажарстанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, иш сапары менен Будапешт шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Мажарстандын министри – Премьер-министринин Канцеляриясынын башчысы Гергей Гуйяш жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, анын боюнда ардактуу караул тизилген.

Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Связанный пост