Президент Садыр Жапаров БУУга караштуу Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу бир катар Чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды.
Мамлекет башчысы Ангола, Белиз, Конго, Гана, Кения, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа – Жаңы Гвинея, Сент – Люсия, Руанда, Сенегалдын өкүлдөрү менен учурашып жатып, БУУнун ролун эл аралык кызматташтыктын негизги механизми жана глобалдык чакырыктарга жамааттык жооп кайтаруу платформасы катары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды айлана-чөйрөгө гана эмес, глобалдык коопсуздукка да коркунуч деп атады.
Ошондой эле ал БУУга мүчө мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын билдирди. “Биз силердин өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз. Биз экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз”, – деп Садыр Жапаров белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүлдөр жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын БУУнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жогору баалашты жана өлкө коопсуздуктун жалпы коркунучтарына каршы турууну, туруктуу өнүктүрүүнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону кошо алганда, негизги глобалдык маселелер боюнча активдүү позициясын көрсөтүп жатканын белгилешти.
Мындан тышкары, чет мамлекеттердин элчилери Кыргызстандын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту жана коңшулук мамилелерди камсыздоодогу ийгиликтерин айтышты.
Алар Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү көп тараптуу деңгээлде да, эки тараптуу форматта да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост