Президент кыргызстандыктарды жайлоолорго этият мамиле кылууга чакырды

 Президент кыргызстандыктарды жайлоолорго этият мамиле кылууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өлкө боюнча жайлоолорду кыдырып, жайыттарды көрүп жүрөт. Бул тууралуу өлкө башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бир эле Каркырада эмес, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Алай, Чоң Алай бардык жайлоолордо жайыттарды техникалар тебелеп, каршы-терши жолдорду пайда кылып салышкан.

Анысы аз келгенсип, жайлоолор такыр боло баштаган. Себеби 1970-жылдардан бери жайлоолорго урук себүү иштери таптакыр болгон эмес”, – деди ал.

Анын айтымында, 4-5 жылдан бери жайлоолорго урук себүү иштери жүргүзүлүп келе жатат.

“Бирок бир жылда эле бардык жайлоолорго урук себүү мүмкүн эмес.

Бери дегенде 15-20 жыл керек болот. Себеби урук себилген жер мал жайылбай, бир эки жыл эс алып туруш керек. Малдын саны да абдан көбөйүп кеткен.

Ошондуктан урматтуу жайлоочулар, ар бириңер жайлоого барган турист болобу же өзүңөрбү жайлоолорду, көк шиберлерди техника менен тебелебегиле.

Техника менен негизги жолдордон чыкпагыла. Жайлоолорду өз бакчаңардай коргогула.

Келечекке, балдарыңарга жакшынакай жайлоолорду калтырып кеткиле. Кайдыгер болбоңуздар”, – деп жазды президент.

Связанный пост