Президент кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

 Президент кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Улуу Ата Мекендик согуштун ардактууардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери!

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин
жалпы журтчулугу!

Бүгүн, 9-майда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин калкы, мурдагы антифашисттик коалициянын бардык өлкөлөрү, бүткүл прогрессивдүү адамзат үчүн маанилүү күндү – Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин 80 жылдыгын чоң салтанат менен белгилеп жатат.

Биз 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы орду толгус жоготууларды терең кайгыруу менен эскерип, ал эми фашизмди ойрондогон Улуу Жеңишке абдан чоӊ сыймыктануу менен карайбыз.

Мына ошол кан күйгөн фронтто өлүмгө тике карап салгылашкан, согуш учурунда ооруктун болуп көрбөгөндөй оор сыноолорун башынан өткөргөн жүз миӊдеген кыргызстандыктар бар. Кан майдандагы жоокерлерибиздин майтарылгыс кайрат-күчү, тайманбастыгы, ооруктагы жумушчуларыбыздын: аялдар менен балдардын бекем эрки, өжөрлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым кошту. Алардын кылган эмгегин, кайтпас демин эч нерсе менен салыштырып баалоого болбойт!

1945-жылдын май айындагы Улуу Жеӊишти бирдиктүү Советтер Союзунун бардык элдери камсыз кылган. Демек, бул – орток Жеңиш, баарыбыздын Жеңишибиз!

Улуу Ата Мекендик согуш бүткүл совет эли үчүн унутулгус трагедия болсо, андагы Жеңиш биздин элдерибиздин улуу биримдигинин, күжүрмөндүгүнүн символу болуп бүгүнкү күнгө чейин жашап келди, мындан ары да жашай берет.

Биз, кыргызстандыктар ата-бабаларыбыздын эң алды тынчтык үчүн, Мекенди коргоо үчүн мурдагы Союздун бардык эли менен ийиндеше салгылашкандыгына сыймыктанабыз.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бардык жоокер – аталарыбыз, апаларыбыз бүткүл дүйнө жүзүнө баатырдыктын өрнөгүн жана аскердик ыйык милдетке бекемдиктин, ошондой эле өз элине берилгендиктин болуп көрбөгөндөй бийик өрнөгүн көрсөтүштү. Алардын келечек муун үчүн Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги, керек болсо, кашык каны калганча күрөшкөн каармандыгы дүйнөлүк согуш тарыхында эч качан болгон эмес. Ылайым, андай согуш кайталанбасын!

Биз ар жылы Жеңиш күнүндө эркиндик, көз карандысыздык, тынчтык үчүн жанын берген баатыр аталарыбызга башыбызды ийип, терең таазим кылабыз.

Алар өз Мекенинен – СССРдин аймагынан душмандарды кууп гана тим болбостон, Европа жана Азиянын элдерине эркиндик менен эгемендикти тартуулаган.

Жеңиштин келишине бир эле кан майдандагылар эмес, оорукта эмгектенгендер дагы татыктуу! Миллиондогон советтик атуулдар оорукта туруп, кан кечкен жоокерлердин колуна кол, бутуна бут, демине дем болуп беришти. Өздөрү ач-жылаңач калса да, “Бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тапкан-ташыганын, күн-түндөп өндүргөнүн майданга жөнөтүү менен оор сыноолорду баштан кечиришти. Алардын бир гана көксөөсү – душманды сүрүп чыгарып, “Жеңиш!!!” деген сүйүнүчтүү кабарды угуу эле. Бул кубанычтуу күнгө жетиш үчүн белди бекем бууп, кандай кыйынчылык болсо да чыдашты, кара жанын карч уруп иштешти. Совет элинин биримдигинен, темирдей бекем эркинен, чыдамкайлыгынан акыры улуу Жеңиштин таңы атты, кубанычтын күнү чыкты, сүйүнүчтүн көз жашы төгүлдү.

Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы кырчылдашкан салгылаштарда биздин жоокерлердин эр жүрөктүүлүгү менен ооруктагы жумушчулардын, дыйкандардын, аялдар менен балдардын тер төккөн мээнети — мына ушул фронттогу жуурулушкан мүдөөлөрү жалпы Жеӊишибиздин ачкычы болуп берди.

Биз, кийинки муун 80 жылдан бери урагыс биримдик, жаркын келечек жана эгемен өлкө тартуулагандардын эрдигин эскерип, даңкын даңазалап келебиз.

Алардын эмгеги жалпы адамзаттын тынчтыкта жашоого умтулуусуна багыт катары түбөлүк шам чырак болуп жаркырап жансын!

Бул окуя – жеке эле КМШ чөлкөмү үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болуш керек! Азыр да жыйынтык чыгара билишибиз кажет!

Мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел!

Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын баалуулугун коргоону, бейпилчиликтин баасын билип жашоону кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты – турмуш сабагын балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз керек.

Мына ошондуктан биз ар жыл сайын Улуу Жеңишти ары сыймыктануу, ары урматтоо, ары сабак болуш үчүн белгилейбиз!
Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт!
Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын элеси эсибизде түбөлүк жашайт!

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы кут болсун!».

Связанный пост