Президент Кеминде кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке киргизди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын башында конокторго долбоордун кубаттуулугу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Станция болжол менен 210 миллион кВт⋅саат таза электр энергиясын өндүрөт. Көмүр кычкыл газынын чыгындылары 120 миң тоннага кыскарат.