Президент иш сапар менен Ашхабадка барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) иш сапары менен келди.

 

Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

 

Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып, гүл сунушту.

 

Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумга катышат.

Связанный пост