Президент Бишкектеги мектептердин биринде диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабакка пландан тышкары катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров бүгүн, 4-майда, Бишкек шаарындагы №77- орто билим берүү мектебине пландан тышкары барып,  9-класстын окуучуларынын Диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабагына катышты.

Бул предмет Мамлекет башчысынын демилгеси менен өткөн жылдын сентябрынан тартып окуу планына киргизилген.

Садыр Жапаров сабактын жүрүшүндө окуу процессинин жүрүшүнө, жаңы предметти окутуунун методикасына, бул тема боюнча окуучулардын билим деңгээлине байкоо жүргүздү.

Окуучулар менен баарлашууда Президент бул предмет өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, маданияты, адамзаттын жашоосундагы жана руханий-адептик чөйрөдөгү ролу жөнүндө объективдүү илимий билимди бериши керектигин белгиледи.

Связанный пост