Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү менен катышуучуларына сыйлыктар тапшырылды

Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаров Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга жана байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана унаалар тапшырылды.

 

Тизме:

 

Күмүш байге ээлери:

 

Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү — 10 млн сом жана унаа;

Мунарбек Сейитбек уулу, бокс — 10 млн сом жана унаа.

 

Коло медаль ээлери:

 

Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;

Узур Жузупбеков, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;

Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү — 7 млн сом жана унаа;

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү— 7 млн сом жана унаа.

 

Олимпиада курама командасынын мүчөлөрү:

 

Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү, 5 орун — 1 млн сом жана унаа;

Айаал Лазарев, эркин күрөш, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;

Бекзат Алмаз уулу, эркин күрөш, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;

Амантур Исмаилов, грек-рим күрөш, 5-орун — 1 млн сом жана унаа;

Айбек уулу Кубанычбек, дзюдо (1/16 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;

Печерских Елизавета, сууда сүзүү (30 орун) — 500 миң сом жана унаа;

Эрлан Шеров, дзюдо ( 1/8 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;

Эрназар Акматалиев, эркин күрөш (1/16 финалында утулган) — 500 миң сом жана унаа;

Денис Петрашов, сууда сүзүү (100 метров брасс боюнча – 23-орун, 200 метров брасс боюнча– 14-орун) — 500 миң сом жана унаа.

Связанный пост