Пакистан Кыргызстандын бизнес коомчулугун дүйнөлүк сооданы өнүктүрүү үчүн деңиз портторунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды

2023-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы күн тартибин талкуулашты. Кыргызстан-Пакистан саясий байланыштарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашууга жана тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде саясий кеңешменин кезектеги жыйынын өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Министр Ж.Кулубаев учурда тараптар аралык макулдашып жаткан соода, инвестиция, туризм, халал индустриясы, билим берүү жана аскердик-техникалык сектор жаатындагы кызматташууларды өнүктүрүү үчүн ведомстволор аралык келишимдерге тез аранын ичинде кол коюу зарылчылыгын белгиледи.
Пакистандын Тышкы иштер министри Ж.Жилани Пакистан тараптын чөлкөмдүн транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде Пакистан – Кытай – Кыргызстан азыркы транспорттук коридорунун алкагында кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле, Кыргызстандын бизнес коомчулугун дүйнөлүк сооданы өнүктүрүү үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар деңиз портторунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.
Тараптардын соода-экономикалык багыттарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өз ара кызыкчылыгынын контекстинде тараптар биргелешкен кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 4-жыйынды жакынкы арада өткөрүлүшүн колдошту.
Мындан тышкары, тараптар регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча, атап айтканда, Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал тууралуу пикир алмашышты.
Соңунда Министр Ж.Кулубаев, пакистандык кесиптешине ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын алдыдагы жолугушуусуна ийгиликтүү катышууну жана ишине албан ийгиликтерди каалады.

Связанный пост