Коом

Кыргызстанда “Учкундан” чыгарылган паспорттор бериле баштайт

Кыргызстанда 1-июндан тарта “Учкун” ААК басмаканасынан чыгарылган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.   Анын айтымында, биринчи партиясы басылып чыгып, алынды.   “1-июндан тарта ата мекендик өндүрүштөгү паспортторду бере баштайбыз”, – деди ал.   Министрдин орун басары паспорттор […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө

Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди. “Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режиминин алкагында валюта курсунун кескин өзгөрүшүн алдын алуу максатында валюталык соодага катышат. Жыл башынан бери жөнгө салуучу орган 9 интервенция жасаган. Анын […]Читать далее

Экономика

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 200 базистик пунктка 9 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим Улуттук банк Башкармасынын күн мурун, 27-майдагы жыйынында кабыл алынды. Чечим бүгүн, 28-майдан тартып күчүнө кирет. “Кыргызстанда инфляциянын […]Читать далее

Президент

Президент Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу чек арачылар жана чек ара кызматынын ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү Чек арачылар күнү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Тажикстандын Президентин эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук жана өнөктөштүк

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго эки өлкөнүн ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.   «Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдык юбилейи менен куттуктайм.   Өз ара урмат-сыйдын, ишенимдин, ынтымактын […]Читать далее

Укук тартиби

ИИМ: 2024-жылдын 13 жана 17 майындагы окуялар боюнча коллегия болуп

2024-жылдын 27-майында ИИМдин жыйындар залында ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия болуп өттү. Коллегияда 2024-жылдын 13-майындагы окуялардын маселеси каралды. Коллегияга ИИМдин, Бишкек шаарынын ИИБнин, Бишкек шаарынын райондук ИИБнын жетекчилиги жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБнын кызматкерлери катышты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча […]Читать далее

Дүйнөдө

АЙВАЛЫКТАН ДАТЧАГА ЧЕЙИНКИ ТҮРКИЯНЫН КООЗ ЭГЕЙ ЖЭЭГИ

АЙВАЛЫКТАН ДАТЧАГА ЧЕЙИНКИ ТҮРКИЯНЫН КООЗ ЭГЕЙ ЖЭЭГИ   Түркиянын Эгей деңизинин кооз жээгинде күтүлгөн жай мезгили башталганда, бул өзгөчө жана кызыктуу жээк жолунда эс алууну элестетип  көрүңүз. Сиз Айвалыктан Датчага чейин созулуп, көк жана жашыл пейзаждарды, таза пляждарды, тарыхый жерлерди, жаңы деңиз азыктарын, даамдуу зайтун майынан жасалган тамактарды жана жергиликтүү Эгей шараптарын таба аласыз.   […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге Токмок шаарынан батир

2024-жылдын 27-майында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Белгилей кетсек, материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан КР жараны А.Бакалова, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун […]Читать далее

Кадр саясаты

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядага элчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армения элчиси кызматынан бошотулду.Читать далее

Коом

“Сосновка” посттунда коомдук транспорттор текшерилүүдө

“Сосновка” посттунда коомдук транспорттор текшерилүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. 2024-жылдын туристтик мезгилине карата Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген транспорттордун жол коопсуздугун сактоо жана тиешелүү талаптарга ылайык келүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиалоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрү тарабынан профилакиикалык иш чаралар өткөрүлүп жатат. Анда коопсуздук маселесине өзгөчө […]Читать далее