Күн мурун Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжанжын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери, атап айтканда азербайжан тараптын Кыргызстандын энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги талкууланды. Маектештер ошондой эле […]Читать далее
Бүгүн, 20-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти, альпинист Эдуард Кубатов “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди. Ал 11-августта К2 чокусуна кычкылтек колдонбостон ийгиликтүү чыккан. Пакистан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусу дүйнөдөгү бийиктиги жагынан экинчи орунда турат, бийиктиги 8614 метр. Эдуард Кубатов быйылкы сезон өзгөчө оорго турганын айтты. “Кар көп жаап, кар […]Читать далее
Кыргызстан жана Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Литвада кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын август айында Литванын аймагынан КР ИИМдин кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, криминалдык чөйрөдө “Детина” деген каймана аты менен белгилүү болгон 1979-жылы туулган Ю.Ю. аттуу жаран жүздү таануу технологиясынын жардамы менен кармалган. Ал буга чейин Ш.А. […]Читать далее
Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Улуттук камсыздандыруу компаниясы биргелешип, «Камсыздандыруу» долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кызмат» ММнин директорунун орун басары Нурлан Айдиев билдирди. Айдиев белгилегендей, бул заманбап санариптик чечим камсыздандыруу кызматтарынын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Системанын бэк-офисин «Кызмат» ММ иштеп чыккан, ал эми фронт-офис «Түндүк» […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча консультативдик жыйын өттү. Жыйындын ачылышында эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн приоритеттерин аныктап, глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин белгиледи. “Улуттук программанын IX бөлүмү – “Социалдык өнүгүү” […]Читать далее
7 айда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан фитосанитардык талаптарга жооп бербеген 29 учур катталган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 445,3 тонна жүк артка кайтарылды. Анын ичинде 70 515 көчөт жана 11 387 даана гүл аныкталган. Анын ичинен: Казакстандан — 193,9 тонна; Россиядан — 69 тонна; Өзбекстандан […]Читать далее
Президент Касым-Жомарт Токаев 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. «Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамда эки жактуу сүйлөшүүлөрү жана Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана коммерция министринин орун басары жана Ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде […]Читать далее
«Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында бир катар мамлекеттик кызматкерлерди сыйланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында реформаларды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, бул программанын алкагында 4 багыт боюнча реформалар жүргүзүлдү, алардын ичинде: айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон медициналык маалымкатты алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү; ири габариттүү жана оор жүк ташуу үчүн […]Читать далее
Президенттин Администрациясында мамлекеттик түзүлүштү бюрократиядан арылтуу боюнча иш-чаралардын төртүнчү пакети
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча реформаларды ишке ашырууга арналган Ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өттү. Отурумда мамлекеттик башкарууну оптималдаштырууга жана мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын төртүнчү пакетин сунуштоого жана кеңири талкуулоого басым жасалды. Реформалардын жаңы пакети билим берүү, маданият […]Читать далее