Оштун борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанатка 20 миңден ашык адам келди
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 20 миңден ашуун адам чогулду.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-декабрь саат 14:00дөн баштап концерттик программалар тартууланды. Шаар башчы Бакытбек Жетигенов аянтта калаа тургундарын жана конокторду жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Майрам фейерверк менен коштолуп, эстрада жылдыздары тарабынан ыр күүлөр тартууланды.