Ошто сасык тумоо вирусунун сейрек учурулары аныкталды

 Ошто сасык тумоо вирусунун сейрек учурулары аныкталды

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти сасык тумоо, КРВИ жана коронавирустук инфекцияга чалдыгуу боюнча жумалык мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бардык аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу, оорунун кескин өсүшү катталган жок.

Ыкчам маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 48-жумасында (27.11-03.12.23-ж.) республика боюнча өткөн жылдын ушул жумасына салыштырмалуу 5737 КРВИ жана сасык тумоо учуру катталып (2022-жылдын 48-жумасы, и.п. 139,3), оорунун -1,7 эсеге азайганы байкалган. Бардык ооругандардын 67,2%ы 14 жашка чейинки балдар (3858 учур).

А тибиндеги грипптин вирустары анын бетиндеги белоктордун айкалышы боюнча түрлөргө бөлүнөт: A(H1N1), A(H3N2), A(H1N1) түрлөрү дагы A(H1N1) pdm09 деп белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрына карата Ош шаарында лабораториялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө сезондук жана жыл сайын катталуучу A(H3N2) түрүндөгү сасык тумоо вирусунун сейрек учурулары аныкталган.

Бишкек шаарында жана республиканын башка аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар катталган, алсак: парагрипп I-IV, бокавирус, РС вирусу, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирус.

Мезгилдик көбөйүүнү эске алуу менен курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл:

– беткап режимин сактоо жана физикалык аралыкты сактоо;

– дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо – жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду чүпөрөк жүз аарчы менен жабуу жана аны андан ары капкагы бар таштанды челекке таштоо;

– санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).

– эгерде балада КРВИ белгилери пайда болсо, ал айыкмайынча баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылыңыз;

-окуу жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү, жетиштүү уктап, туура тамактануу;

– эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

Республикада сасык тумоо, ОКВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жасоо улантылууда.

Связанный пост