Ошто мыйзамсыз тамеки продукцияларын сатуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык рейддик контролунун жүрүшүндө Араван районунан мыйзамсыз тамеки продукцияларын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тактап айтканда, Чек-Абад жана Дөбө-Коргон айыл өкмөттөрүнөн жалпы суммасы 21 630 сомду түзгөн, Oris брендиндеги 492 куту тамеки продукциялары тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес.

Бул факты боюнча жеринде КРдин мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул салынат, ал эми 1000 даанадан көп болсо 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатпоого жана продукциянын маркасынын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырат.

Связанный пост