Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрагасы Нурлан Закиров жана муниципалдык менчик башкармалыгы, МАБтын кызматкерлери менен биргеликте “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 11 ижарачыга эскертүүлөр берилди.
Шаар боюнча жалпысынан 48 соода-сатык жайлар, бассейндер текшерилип, бир катар мыйзамсыз орнотулган жана эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Мамлекеттик тил мыйзамдарынын талабына жооп бербеген жана шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактарга рейд жүргүзүү бир ай ичи улантылат.

Связанный пост