Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүрүүгө шектүү кармалды

 Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүрүүгө шектүү кармалды

Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринде каракчылык кылып, мекеменин ээсин бычактап өлтүрүүгө шектүү жаран колго түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24-майда саат 18:15 чамасында Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда болгон. Бет кап кийген белгисиз жаран имаратка кирип барып, жумуш ордунда отурган 34 жаштагы М.Х. аттуу ишкерге туш келди бычак шилтеп, акчасын тоногон. Окуяны көрүп, ортого түшкөн жергиликтүү тургун да колунан жаракат алган.

Жабырлануучу М.Х. алган оор жаракаттарынан улам ооруканада операция жасалып жаткан учурда каза тапкан. Ал үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болгон.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну Т.Н. акча алмаштыруучу жайдын ичинен кармалды. Жанынан каракталган 37 500 сом жана уюлдук телефондор табылган. Ал мурда соттолгон, 4 баланын атасы.

Милиция кызматкерлери кылмыш үстүнөн кармап жаткан учурда, шектүү жанын кыюуга аракет кылган. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ага мүмкүнчүлүк бербей, колундагы бычакты тартып алышкан.

Бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү соттук-медициналык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Связанный пост