Ошто 665 чет элдик жаранга айып пул салынды
Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи кезекте түшүндүрүү жана профилактикалык иштерге басым жасалып, чет элдиктерге өлкө аймагында болуунун тартиби жана коомдук тартипти сактоо талаптары эскертилди.
Рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2026-жылдын август айында тиешелүү мыйзам бузууларга жол берген 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды.