Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы тергелүүдө

 Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы тергелүүдө

Ош облустук соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 млн сомдук каражатты ыйгарып алуу фактысы тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө борбордун жооптуу кызмат адамдары 2025–2026-жылдары аталган каражатты мыйзамсыз ыйгарып алышканы аныкталган.

Тактап айтканда, мекеменин ар кандай чыгымдарын жабууга багытталган акча каражаттары кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которулуп, кийин борбордун жооптуу кызмат адамдарынын жеке эсептерине кайра которулуп турган. Мындан тышкары, ар кандай компенсациялык төлөмдөр мыйзамсыз чегерилгени аныкталган.

Бул факт боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост