“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техникалар менен толукталды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган 7 жаңы заманбап атайын техникалар менен жабдууларды тапшырды.
Калаа башчысы техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртаарын белгиледи.
Ишканага төмөнкү техникалар сатып алынды:
– Көчөлөрдү жууп тазалоочу, Dongfeng маркасындагы 2 бирдик чаң соргуч автоунаасы;
– Таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Dongfeng маркасындагы 2 бирдик атайын автоунаасы;
– 1 тонналык жүк ташуучу 2 электротрицикл;
– Таштанды чогултуучу 1 электротрицикл;
– Шыпыруучулар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;
– Шыпыруучулар үчүн 100 даана таштанды тергич.

Связанный пост