Ош шаарынын Озгур айылына 225 орундуу мектептин курулушу башталды

 Ош шаарынын Озгур айылына 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарына караштуу Озгур айылында республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 блоктуу 3 кабаттуу окуу корпустан турган, спорттук залы жана өтмө галереясы менен курулат. Жалпы аянты 2034 чарчы метрди түзгөн билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Мектептин долбооруна ылайык, негизги класстык кабинеттерден тышкары: актовый зал, компьютердик класс, лаборатория, китепкана жана сырткы волейбол, баскетбол аянтчалары каралган.

Курулуш-монтаждоо жумуштары “Сантехмонтаж” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Связанный пост