Ош шаарында соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык абалы текшерилди

Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүздү.
Жумушчу топтун курамына Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери кирди.
Рейддин алкагында Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жеке менчик соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, тиш дарылоочу борборлор, сулуулук жана, косметологиялык салондор текшерүүгө алынды.
Мындан тышкары, Түштүк-Чыгыш (Юго-Восток) кичи районунда уруксат кагазы жок иштеп жаткан кондитердик цех аныкталып, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Рейддик иш-чаралар сентябрдын аягына чейин уланат.

Связанный пост