Ош шаарында наабайканалар жапырт түрдө ата мекендик өндүрүштөгү ундан тандыр нандарын жапканга өтүштү

 Ош шаарында наабайканалар жапырт түрдө ата мекендик өндүрүштөгү ундан тандыр нандарын жапканга өтүштү
Ош шаарында наабайканалар жапырт түрдө ата мекендик өндүрүштөгү ундан тандыр нандарын жапканга өтүштү.
Бүгүнкү күндө шаардагы наабайканалар жергиликтүү ундан пайдаланып жатышат.
Наабайкана иштеткен ишкерлер, курамы пайдалуу азыктар менен байытылган Кыргызстандын ундарынан тандыр нандарын жайылтууну көздөп жатышат.
Учурда Ош шаарында 200гө жакын наабайкана бар. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош шаары боюнча бөлүмү жергиликтүү наабайкана ээлери менен жолугушкан учурда, ата мекендик ундан тандыр нандарын жасап чыгаруу сунушун киргизген. Жергиликтүү унду колдонуу менен тандыр нандын баалары да мурдагыдай баада сатылууда. Дүкөндөрдө жана базарларда 25 сомдон сатылып жатат.
(Сүрөттө жергиликтүү ундун нандары)

Связанный пост