Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда кышкыга даярдыгы жок унаалар тыгын жаратты

 Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда кышкыга даярдыгы жок унаалар тыгын жаратты

Кечээ Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун (212-227) Тоң-Мурун ашуусунда унаа тыгыны пайда болуп, түнкүсүн чектөө киргизилген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, мындай абалды жаралышына жүк ташуучу унаалардын жол эрежесин сактабагандыгы, Ош – Сары-Таш – Эркечтам аркылуу Кытайга каттаган жүк ташуучу унаалар ашууларга чыгаарда дөңгөлөктөрүн кышкы алмаштырбай, чынжырлары жок жолго чыгышканы себеп болгон.
Мындан тышкары, унаалар каршы тилкеге чыгып, жол тазалоочу атайын техникалардын инерттүү материалдарды себүүсүнө тоскоолдук жаратышкан.

№960 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары Тоң-Мурун ашуусундагы абалды жөнгө салуу аракетин көрүп, түнү бою жол тазалоо иштерин жүргүзүштү. Учурда чектөө жок.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Связанный пост