Ош облусунун жана Ош шаарынын жылытуу мезгилине карата даярдыгы каралды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Ош облусунун экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын жылытуу мезгилине карата даярдыгы боюнча жыйын өткөрүлдү.
Мамлекеттик ведомстволордун облустагы өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери катышкан жыйында, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы угулуп, андан соң жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн даярдыктар жана алдыдагы пландар талкууланды.
Өзгөчө калкты жана мамлекеттик мекемелерди, социалдык объекттерди жетиштүү көмүр жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Ошондой эле, минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош шаардык Жылуулук электр борборнун ишмердүүлүгү менен таанышты, анда жабдыктардын абалы жана көмүр корунун жетиштүүлүгү текшерилди.
Жыйындын жана текшерүүнүн жыйынтыгында тармактык мамлекеттик ведомстволорго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.