Ош облусунда тоо-кен байытуу комбинаты ачылды

 Ош облусунда тоо-кен байытуу комбинаты ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Кызыл-Булак участкасында жайгашкан «Перити-Коал» көмүр казуучу ишканасынын тоо-кен байытуу комбинатынын ачылыш аземи болуп өттү.

 

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышты.

 

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев өз сөзүндө тоо-кен байытуучу комбинат башка көмүр өндүрүүчүлөргө дагы өрнөк болорун, топтолуп калган көмүрдүн майдасын кайра иштетүү менен экологияга зыян келтирбестен таза байытылган көмүр өндүрүү заман талабы экенин билдирди.

 

Белгилей кетсек, тоо-кен байытуу комбинатынын өндүрүмдүүлүгү суткасына 1 миң 200 тоннага чейин, ал эми айына 36 миң тонна таза зыянсыздандырылган байытылган көмүрдү өндүрөт.

Связанный пост