Ош облусунда 2024-жылы үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

 Ош облусунда 2024-жылы үлүштүк гранттардын эсебинен 86 долбоор ишке ашырылат

Ош облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 257,3 млн сом суммасында 86 долбоор бекитилди.

 

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинде:

 

• Кара-Кулжа районунун 12 объектисине 35,3 млн сом;

• Араван району — 7 объектиге 21,8 млн сом;

• Кара-Суу району — 18 объектиге 61,8 млн сом;

• Ноокат району — 18 объектиге 54,6 млн сом;

• Алай району — 4 объектиге 12,0 млн сом;

• Өзгөн району — 20 объектиге 52,3 млн сом;

• Чоң-Алай району — 7 объектиге 19,5 млн сом;

Жалпы:

• 34 мектепке — 95,1 млн сом;

• 31 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 100,3 млн сом;

• 5 спорттук курулуштарга— 16,1 млн сом;

• 4 маданий маанидеги объектилерге — 13,4млн сом;

• 12 бала бакчага — 34,2 млн сом.

Связанный пост