Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 126,6 млн сом каржыланды
Ош облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 126,6 млн сом суммасында 63 долбоор каржыланды.
Алар:
– 19 мектепке – 40,1 млн сом;
– 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2,0 млн сом;
– 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 45,4 млн сом;
– 2 спорттук курулушка – 5,2 млн сом;
– 8 маданий маанидеги объектиге – 14,7 млн сом;
– 11 бала бакчага – 19,2 млн сом жумшалды