Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттамы ачылды

Бүгүн “Ош” эл аралык аэропортунда өнөктөштүктү бекемдөө максатында Кыргызстан менен Индиянын Ош – Нью-Дели – Ош багыты боюнча биринчи эл аралык чартердик каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учуп келди. Эми жүргүнчүлөр жума сайын шейшемби күнү уча алышат. Чартердик каттам транспорттук байланышты жакшыртууга гана эмес, эки тарап учун маанилуу болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чындоого да багытталган.

Бул багыт эки тараптуу тез ара аракеттенүүнү өнүктурүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өнөктөштүктүн мындан аркы өсүшүнө негиз боло турган, анын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча келечектеги аракеттер.

Связанный пост