“Ош” аэропортунда 1 млн сомдук алтын аткезчилиги аныкталды
“Ош” эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 млн сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлдү.