Орунбеков: Кыргызстанга келген туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүү зарыл
Меймандос эл катары өлкөгө келген конокторду сый-урмат менен тосуп алып, жакшы маанай менен узатканга аракет кылуу керек. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда жаңы туристтик жайлар курулуп, өлкөгө келген меймандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Айрыкча тоо туризмине жана Ысык-Көлгө кызыккандар көп.
Тилекке каршы, айрым учурларда эс алуучулардан “эптеп эле акчасын алып калалы” деген одоно мамилелер дагы кездешет.
“Мындай көрүнүштөр интернет аркылуу бат тарап, бүтүндөй Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Президентибиз туризм багыты боюнча тиешелүү органдарга дайым багыт берип келет. Келген меймандарга орой же басым кылган учур катталса, андай окуяларга укук коргоо органдары ыкчам жана катаал чараларды көрөт. Ошондуктан туристтерге сапаттуу тейлөө көрсөтүп, ар бир конокко аяр жана маданияттуу мамиле кылууга чакырабыз. Өлкөнүн аброю ар бирибиздин мамилебизден башталат”, – деп жазды Орунбеков.