Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80 пайызга аяктады
Орто-Токой ГЭСинин курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери “Чакан ГЭС” ААК тарабынан жүргүзүлүп, иштер бекитилген графикке ылайык активдүү уланууда.
- Узундугу 950 метрди түзгөн деривациялык тоннелдин казуу иштери толугу менен аяктады;
- Суу өткөрүүчү туннелдин темир-бетон каптамасын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө;
- Тармакталуучу түйүндөгү камеранын дубалдарын жана грунтун даярдоо жана бекемдөө иштери аткарылууда;
- Үч чыгуусу бар туннелдик тармакты монтаждоого даярдык көрүлүүдө: анын ичиндеги бир чыгуусунда 93,6 метр, экинчисинде 74,4 метр металл конструкциялар орнотулуп, ширетилди.
Ошондой эле гидроэлектростанциянын имаратында курулуш иштеринин бир катар этаптары аяктады:
- ГЭС имаратынын курулуш иштери 90 пайызга аяктады;
- Төмөнкү бьефтеги суу агызуучу каналдын затворлорун көтөрүүчү механизмдер үчүн колонналарды арматуралоо жана бетондоо иштери толугу менен бүткөрүлдү;
- Чатырдын каркасын монтаждоо иштери аяктап, учурда чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө;
- №№ 1, 2, 3 гидротурбиналардын жана дисктүү затворлордун монтаждоо иштери аяктады.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубатуулугу 21 МВт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарымында аяктайт.