Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

 Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Омск шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик облустук илимий китепканада Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы маалымдады.

Маданият күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулду. Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасы” стенди ачылып, анда азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын сүрөттөрү, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер жана сувенирлер илинген.

Ошондой эле китепканада китеп көргөзмөсү жана бир катар фото көргөзмөлөр ачылды. Алар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана Кыргызстандын тоо туризмине арналат.

Иш-чарада Омск шаарынын мэри Сергей Шелест кыргыз тараптын сунушун колдоп, Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысым ыйгаруу чечимин жарыялады. Бул чечим кыргыз элине болгон сый-урматтын жана улуу жазуучунун дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын таануунун символу болууга тийиш экендиги билдирди.

Связанный пост