Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептер басылып чыкты

Табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 миң 430 нуска иш дептери басылып чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 2-класстар үчүн “Табигый илимдер” предмети боюнча кыргыз класстар үчүн — 88 505 нуска, орус класстар үчүн — 56 175 нуска бар.

Ошондой эле 8-класстар үчүн “Математика” предмети боюнча орус класстар үчүн — 93 750 нуска даярдалды.

Басылып чыккан окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат.

Связанный пост