Нотариус, мамлекеттик каттоо кызматкери жана сот аткаруучу 30 млн. сомдук мүлктү мыйзамсыз кайра катташкан

 Нотариус, мамлекеттик каттоо кызматкери жана сот аткаруучу 30 млн. сомдук мүлктү мыйзамсыз кайра катташкан

Башкы прокуратура тарабынан О.Я. аттуу шаар тургунунун арызынын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук мамлекеттик нотариалдык конторанын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жана Сот аткаруучулар кызматынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталды.

Алсак, О.Я. мурунку жолдошу маркум Н.И.А. менен биргеликте Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан батирди жана турак жайды сатып алышкан. Кыймылсыз мүлктөр жубайлардын ортосундагы менчиги болуп саналгандыгына карабастан Биринчи май райондук мамлекеттик нотариалдык конторанын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жана Сот аткаруучулар кызматынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн кызматкери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, белгиленген турак жайларды, кайрылуу ээсинин менчик укуктарын бузуу менен Россия Федерациясынын жараны С.Н. наамына мыйзамсыз мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү менен каттап  беришкен.

Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк сот тарабынан жокко чыгарылгандыгын билип турушуп, турак жайларды камактан мыйзамсыз чыгарып, С.Н. бул турак жайларды 30 млн сомдон ашык суммага сатып чет өлкөгө чыгып кеткен.

Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост