Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чарага МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы  Т.Усубалиев атындагы аянтында өткөн майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жарандарды жаз майрамы менен куттуктады.

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу майрамы. Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо койнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан  кут кетпесин”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө республикада болуп жаткан алгылыктуу окуяларга токтолду. Ал өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүн, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшүн, ири инфраструктуралык долбоорлор – Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ишке ашырылып жатканын, быйылкы жылы 30га жакын чакан ГЭСтер, күн жана шамал станциялары боюнча иштер башталганын, 100гө жакын жаңы ишканалардын ачылышы жана мамлекеттик ипотека программа аркылуу турак-жай курулушу жигердүү ишке ашырылып жатканын белгиледи.

“Президентибиз Садыр Нургожоевичтин кыраакы саясаты менен мамлекеттин аймактык бүтүндүгү бекемделди. Чек аранын айынан дүйнөнүн канча мамлекетинде тынчтык жок. Кыргыз-тажик чек арасынын тынч жол менен чечилиши – эки эл үчүн чексиз бакыт. Кыргызстандын тынчтык жаратуучулук дарамети күчтүү экендиги дүйнөгө даңазаланды. “Ырыс алды – ынтымак”, – ынтымактуу элибизге бейпил турмуш, ырыскылуу жашоо, берекелүү өмүр берсин”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ошондой эле ал улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси менен таанышты.

Связанный пост