НМУнун Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

2023-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, С.Нааматов атындагы НМУнун Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору Б.М.А. Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерине 4000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты берип жаткан жеринен кармалды.

Б.М.А. ЖОЖдун кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында текшерүүдөн өтүп жаткан, анда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу, которуу жана калыбына келтирүү, чет өлкөлүк студенттерге жогорку билими тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү белгилери аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.А. кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн КР УКМКнын ыкчам кызматкерине акчалай сыйлык сунуштаган.

Б.М.А. УКМКнын кызматкери менен кылмыш ишин токтотуу боюнча сүйлөшүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору А.Ж. да болгон, ал мурда козголгон чет элдик абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алынуусу жана андан ары билим алуусунда мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин токтотууга аракет кылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост