Нарында окуучулар арасында китеп окуу боюнча сынак өтүп жатат. Байге фонду 100 миң сом

 Нарында окуучулар арасында китеп окуу боюнча сынак өтүп жатат. Байге фонду 100 миң сом

Өспүрүмдөрдү көркөм жана илимий адабиятка кызыктыруу. Кыргыз акын- жазуучуларынын чыгармачылыгы менен тереңден тааныштыруу, жалпы улуттук нарк тууралуу маалыматтарын арттырып, окуучулардын таанып-билүүсүн, сүйлөө кебин жана эмоцианалдык өнүгүүсүн өстүрүү, балдардын угуу жана көнүл буруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү, руханий жан дүйнөсүн байытуу жана дүйнө таанымын өстүрүү, китеп окууну даназалоо жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө багыттап, гаджеттердин терс таасиринен коргоо максатында Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен “Китепкөй Нарын” сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2 турдан өткөн сынактын экинчи туруна өткөн 16 окуучу Эсенгул Ибраевдин тамсилдери жана Чынгыз Айтматовдун “Бетме бет” повестин окуп, сынакка катышып жатышат.

 

Сынак : Тесттик суроолорго жооп берүү, сүйлөмдөрдү толуктоо жана ирээтке келтирүү, чыгармадан алынган суроолорго жооп берүү, көөнө сөздөрдүн маанисин чечмелөө , көркөм окуу, боюнча өтүп, атайын комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталат.

 

Финалдык турунун ачылышына катышкан Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы “Китепти канчалык көп окусаңар, ошончолук алысты көрүүгө болот. Келечекте билимиңердин мыктылыгы менен көптөгөн кыялыңарга жетиүүгө болот. Шаарыбыздын жетекчи Канболот Мусаевич китепти көп окугандыгы менен айырмаланып, билиминин тереңдиги менен шаарыбызды башкарып келе жатат. Жаштардын билимин өнүктүрүү максатында ушул кубокту уюштуруп жатат. Сынакка катышып жаткан окуучуларга ийгиликтерди каалайм .” деди.

 

Сынактын жалпы байге фонду 100 миң сом. Шаарыбыздагы баардык мектептерде өткөн биринчи турдан тандалып келген жогорку класстын окуучулары катышып жатышат. Жыйынтыгы 16-май 2023-жылы чыгып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.

 

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

 

Связанный пост