Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирди

Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирип, күнүнө 300-400 даана дрожь кошулмаларысыз табигый ыкма менен ачытылган бөлкө нандарды чыгарып жатат. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган нан чыгаруучу цех Ас-Салам кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, жабдуулары алынып, кийин Нарын шаардык мэриясынын менчигине өткөн. Жакында аталган цех Нарын шаарындагы Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп, бир жумадан бери наабайкана иштей баштады.

Бүгүн, 11-августта облус жетекчиси Алтынбек Эргешов наабайкананын ишин көрүп, ишкана акжолтой болуусун тилек кылды. Нанды түнүндө эмес эртең менен эрте бышырып, элди жаңы бышкан нан менен камсыз кылуу керектигин айтты. Продукциянын санын көбөйтүшсө башка райондорго чыгарууга жардам берээрин билдирди.

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Эрлан Жаанбаев билдиргендей, бул жерде азырынча 4 адам жумуш орду менен камсыз болуп, 300-400 нан чыгарылууда. Наабайканада суроо-талапка жараша күнүнө 2000 даана нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса жумуш орундары дагы көбөйөт. Чыгарылган бөлкө нандар дрожь кошулмаларысыз, табигый жол менен ачытылып бышырылат. Нандар дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатыкка коюлууда. Мындан сырткары бала бакчаларды, мектептерди, мекемелерди камсыздоо келишимдери түзүлүп жатат. Киреше жергиликтүү бюджетке түшөт.

Ас-Салам кайрымдуулук фонду тарабынан ачылган устакана жана тигүү цехи дагы муниципалдык ишкананын балансына өткөрүлуп берилип, иштей баштады. Буюрса бул ишканаларда 50дөн ашык жумуш орундары түзүлөөрү мерчемделуудө.

Связанный пост