Нарын районунун Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча курулат

 Нарын районунун Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча курулат
Бүгүн, 13-сентябрда Нарын районунун Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакчанын пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин айылда бала бакчанын имараты жок болгондуктан 25 орундуу “Ак-Кудук келечеги” балдар бакчасы айылдагы менчик үйлөрдү ижарага алуу жолу менен иштеп келген.
Бала бакчанын пайдубалын түптөө иш чарасына КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун вице-президенти Улукмырза Абакиров, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Нуридин Мадимаров, айылдын активисти Бекмырза Өмүралиев жана башка жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Жалпы сметалык баасы 28 миллион сомду түзгөн имараттын баштапкы 8 миллион сому “Кумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланды. Бул каражатка имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылат. Калган каражатты табуу жолдору каралууда.
Ошондой эле Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы орто мектептин имараты жыл аягына чейин бүткөрүлөөрү күтүлүүдө. Бул курулуш жыл ичинде курулуп бүтө турган 100 мектептин катарына кирген.

Связанный пост