Нарын районунда кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу завод ишке берилди

2024-жылдын 18-сентябрында Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин-2” участкасында дробилка заводу ачылып, пайдаланууга берилди.

 

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук салык кызматынын башчысы Жумабек Мамыров, Нарын райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы К.Бейшебаев, Нарын райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Нурманбетов С., Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев катышты.

 

Кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводдун жер аянты Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чечилип берилген, ал эми жеке ишкер Акмат Кудайбергенов өз каражатынан эсебинен куруп, ишке ашырылууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 350-400 миң долларды түзүп, саатына 180 тонна кум-шагыл чыгарат. Ишканада 15 жумушчу орун түзүлүп, иш менен камсыз болмокчу.

 

Ошондой эле саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод дагы курулуусу күтүлүүдө.

 

Аталган ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылган 100 ишкананын катарына кирет.

Связанный пост