Нарын районунда 75 орундуу “Таберик – Эмгек Талаа” балдар бакчасы ишке берилди

Бүгүн, Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу “Таберик – Эмгек Талаа” балдар бакчасы ишке берилди.

Аталган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды. Курулуш ишин “М-Стард” курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 миллион сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Бала бакчанын ачылыш аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

Иш чарага катышкан облус жетекчиси Алтынбек Эргешов билим уясы акжолтой болуп, чет тилдерди билген, ар тараптуу өнүккөн, билимдүү балдар тарбияланып чыгуусун тилек кылды. Ошондой эле Президентибиз тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жыл аягына чейин 100 мектеп куруу тапшырмасы берилгенин, буюрса 2-3 жылда республикадагы социалдык объектилерге болгон бардык муктаждыктарды жоюу аракети көрүлүп жатканын айтты. Бирок ошого карабай билим сапаты төмөндөп кеткенин өкүнүү менен белгилеп, быйыл билим сапатын көтөрүүгө талап жана көзөмөл катуу болоорун эскертти. Мугалимдер, тарбиячылар окуп, изденип, жаңыча багыт менен сапаттуу билим берүүгө аракет кылуулары керектигин, В.И.Лениндин “Окуу, окуу жана окуу” деген сөзү бүгүн балдарга гана эмес бардык муундун өкүлдөрүнө тиешелүү экенин белгиледи.

Билим уясынан ачылыш аземи бөбөктөрдүн концерттик программасы жана куттуктоолор менен коштолуп, майрамдык маанайда өткөрүлдү.

Учурда бала бакчада 100 бала тарбияланып, 21 кызматкер эмгектенүүдө.

Связанный пост