Нан кымбаттап, сабиз менен кумшекер арзандады

 Нан кымбаттап, сабиз менен кумшекер арзандады

Кыргызстан менен Россия жана Казакстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майынын баалары салыштырылды.

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

Кыргызстандагы баалар:

  • макарон азыктары (спагетти) 3,1 пайыз;
  • макарон азыктары (вермишель) 3,1 пайыз;
  • пияз (репчатый лук) 2,8 пайыз;
  • картошка 1,5 пайыз;;
  • 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан 1,5 пайыз;
  • 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1,3 пайыз;
  • жумуртка 1,2 пайыз;
  • каймак май (туздалбаган, 72 пайыз аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 0,9 пайыз;
  • макарон азыктары (рожки) 0,7пайыз;
  • нан азыктары (тандыр нан) 0,7 пайыз;
  • күн карама майы 0,3%пайыз;
  • пастерленген 2,5-3,2 пайыз майлуулуктагы сүт 0,1 пайыз;
  • 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) 0,1 пайызга жогорулаган.

Ал эми:

  • сабиз 6,2 пайыз;
  • күрүч 0,2 пайыз;
  • кум-шекер 0,2 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

Казакстандагы баалар:

  • картошка 1,2 пайыз;
  • сабиз 3,8 пайыз;
  • уй эти 3,8 пайызга жогорулаган.

Ал эми:

  • кум-шекер 6,1 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

Россиядагы баалар:

  • 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) 11,5 пайыз;
  • пияз 3,2 пайыз;
  • уй эти 3,1 пайыз;
  • каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 2,8 пайыз;
  • тазаланган өсүмдүк күн карама майы 2,7 пайыз;
  • 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 2,5 пайыз;
  • сабиз 2,3 пайыз;
  • картошка 2,4 пайыз;
  • жумуртка 2,2 пайыз;
  • макарон азыктары (вермишель) 3 пайыз;
  • кой эти 2 пайыз;
  • күрүч 1,8 пайыз;
  • кум-шекер 1,8 пайызга жогорулаган.

Связанный пост