Мыйзамсыз менчиктештирилген 13 млн. сомдук объект мамлекетке кайтарылды

 Мыйзамсыз менчиктештирилген 13 млн. сомдук объект мамлекетке кайтарылды
Мыйзамсыз менчиктештирилген 13 млн. сомдук объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасы маалымдады.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын Политех көчөсүндө жайгашкан аянты 92,4 чарчы метр болгон турак эмес жай мамлекетке кайтарылды.
Текшерүүдө, аталган турак эмес жай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан 1994-жылдын 18-апрелиндеги сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Г.М. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылды.
Аталган объектти мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап келтирилип, жыйынтыгында баасы 13 млн 182 миң сом болгон объект мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз сатылган мамлекеттин менчигиндеги объекттилерди кайтаруу боюнча чаралар улантылууда.

Связанный пост