Мурдагы тергөөчү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Мурдагы тергөөчү пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча мурда Бишкек ШИИБ тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында терс негиздер боюнча кызматтан убактылуу четтетилген, ички иштер органдарынын өздүк курамынын карамагында болгон, Бишкек шаарынын Свердлов ИИБнин мурдагы тергөөчүсү акча каражатын алгандан кийин кармалды.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ИИБден келип түшкөн материалдардын негизинде милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н.га карата пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, ИИБдин мурдагы тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н. (кызматынан убактылуу четтетилген) жеке кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында Ш.А. аттуу жаранга кылмыш ишин тергеп жатканын айтып, анын алкагында кылмыш жоопкерчиликке тартам деп коркуткандыгы аныкталган. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн Ч.Н.Н., Ш.А. аттуу жарандан 2500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
2025-жылдын 20-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражатынын бир бөлүгүн 165 миң сомду электрондук капчыкка которуудан кийин Ч.Н.Н. пара менен кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган тергөөчүгө карата Бишкек ШИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209, 379 жана 337-беренелери боюнча: Документтерди жасалмалоо, Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген. Бирок, Ч.Н.Н өзүнө тыянак чыгарып, дагы бир кылмышка барган.
Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМК коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, коррупционерлер реалдуу жазадан кутула албай турганын эскертет.
Кармалган тергөөчү Ч.Н.Н. мыйзамдын катаалдыгы боюнча эч кандай жеңилдик берилбестен жоопко тартылат.