“Мурас” турак жай комплексинде бала бакча, мектеп жана унаа токтоочу жай курулат

 “Мурас” турак жай комплексинде бала бакча, мектеп жана унаа токтоочу жай курулат

Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Мурас” турак жай комплексиндеги долбоордун үчүнчү этабынын курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Каныбек Туманбаев бардык курулуш иштеринин талаптары так сакталууга тийиш экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө аймакты көрктөндүрүү иштери жана инфраструктураларды куруу каралган. Унааларды токтотуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлардан тышкары 1200 орундуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалган.

Мындан тышкары, турак жай комплексинин аймагында мектеп жана бала бакча курулат.

Белгиленгендей, “Мурас” турак жай комплексинде жалпысынан 39 блок, анда 4754 батир бар. Буга чейин турак жай комплексинде 19 блок пайдаланууга берилген.

Биринчи этапта 986 батир, ал эми экинчи этапта 1080 батир пайдаланууга берилген.

Ал эми үчүнчү этаптын алкагында 8 блоктон турган 1104 батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Связанный пост