Мурас-Ордо конушунда жашы жете элек 2 бала көлмөгө түшүп каза болду

 Мурас-Ордо конушунда жашы жете элек 2 бала көлмөгө түшүп каза болду

Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда эки бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 жаш бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

 

3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

 

Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 11 жаштагы О.У. аттуу кыз жана 9 жаштагы О.Н аттуу бала каза болгон.

 

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Связанный пост