Мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого 715 млн сом бөлүндү

 Мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого 715 млн сом бөлүндү

Быйыл мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга республикалык бюджеттен 715 млн сом бөлүнүп, жыл аягына чейин ноутбуктарды сатып алуу жана мугалимдерге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо боюнча эки этап ишке ашырылып, буга чейин 49 миң ноутбук сатып алынып, мугалимдерге берилген.

“Билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча акыркы жылдары абдан чоң кадамдар жасалды. Биз бир гана бюджеттик каражат менен чектелбестен, башка булактарды да карап, мугалимдерди заманбап техникалар менен камсыздоо иштерин жүргүзүп жатабыз”, — деди Баймурзаев.

Ошондой эле ал Ислам банкынын долбоорунун алкагында да ноутбуктарды сатып алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Агартуу министрлиги билим берүү тармагын башкарууну санариптештирүү максатында АИС инфраструктура платформасын түзгөн. Анын жардамы менен райондук жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери ар бир билим берүү объектисинин абалы, оңдоп-түзөөгө болгон муктаждыктары тууралуу маалыматтарды киргизип турушат.

Баймурзаев белгилегендей, акыркы жылдары билим берүү объектилерин утурумдук оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү да көбөйгөн. Акыркы 5 жылга чейин билим берүү объектилерин оңдоп-түзөөгө жылына 100 млн сом бөлүнсө, кийинки жылдары бул сумма 490 млн сомго чейин жетип, бир канча эсе көбөйгөн.

Ошондой эле билим берүү тармагына бир катар электрондук платформалар киргизилген, алардын арасында электрондук күндөлүк да бар.

“Санариптик платформаларды киргизүү менен билим берүү процессин башкарууну дагы да ыңгайлуу жана ачык кылууга аракет кылып жатабыз”, — деди ал.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында өлкөдөгү бардык мектептер интернет менен камсыздалганы кошумчаланды.

Связанный пост