МСК январь айында былтыркыга салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп чогултту

 МСК январь айында былтыркыга салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп чогултту
2024-жылдын январь айында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултулду. Белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган.
Салык чогултуунун динамикалык өсүшү салыктык башкаруну жакшыртууну жана күчтөндүрүүнү чагылдырат. Коюлган максаттарга жетүүдө жана пландардын ашыгы менен аткарылышында ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүүсү негизги ролду ойноду.
Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптештирүү каражаттарын киргизүү жана колдонуу салык чогултуу процессинин натыйжалуулугун бир топ жакшыртты.
Бул жыйынтыктарга жетүүгө салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да салым кошту.

Связанный пост