Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты өттү

4-августтан 12-августка чейин Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты болуп өттү.
Азия чемпионаты 14 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында “стандарт”, “блиц” жана “рапид”категорияларында өткөрүлдү.
Кыргызстандын атынан жалпысынан 32 спортчу катышты, алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары.
“Стандарт” категориясында Сейдахматов Байымбет биринчиликти багындырды. Сагыналиева Гүлайым коло медаль тагынды.
“Блиц” категориясында Кудайбердиев Марсель жана Асанкулова Эркежан коло медалдарды жеңип алышты.

Связанный пост