Минкаб тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн жээктерин терең тазалоонун тартибин бекитти
Министрлер Кабинети атайын техниканы колдонуу менен тиричилик калдыктарынан Ысык-Көлдүн жээктерин терең тазалоонун жана көлдүн түбүн суу алдында тазалоонун тартибин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана менчигинин түрүнө карабастан эс алуу жайларын эксплуатациялоочу, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана башка иш-аракеттерди жүргүзгөн менчик ээлеринин же ижарачылардын көл жээгинин аймактарын талаптагыдай күтүүсү үчүн жоопкерчиликти белгилейт.
Жээктин аймактарын терең тазалоонун жана Ысык-Көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан атайын жабдууларды колдонуу менен суу астынан тазалоонун тартиби Ысык-Көлдүн эс алуу жайларын санитардык-экологиялык талаптарга ылайык кармоонун шарттарын аныктайт.